Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 млн. доллар берилет

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанга пандемияларды алдын алууга 31,79 миллион доллар берилет.
Тиешелүү макулдашуу ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңешке киргизилген. Каражат Дүйнөлүк банк тарабынан “Бирдиктүү ден соолук” программасынын 1-фазасын ишке ашырууга бөлүнүүдө.
Долбоордун алкагында төмөнкүлөр каралган:
жаныбарлардан адамга жугуучу ооруларды көзөмөлдөө, диагностика жана дарылоону жакшыртуу;
антибиотиктерге туруктуулукту алдын алуу (антибиотиктерди рационалдуу пайдалануу жана альтернативалуу ыкмаларды киргизүү);
азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо (өндүрүш жана кайра иштетүү баскычтарында санитардык көзөмөлдү күчөтүү).
Каражаттын 30 миллион доллары — 50 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мезгил менен үстөксүз кредит. Калганы грант.
Индия Кыргызстанга 253 млн. сом грант берет. Каражат кайда жумшалат?