БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук ишканасынын базасында 15 “локоробот” чыгарылып, ишканага 130 вагон сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган.
Анда автономдуу, маневрларды жасап, сүйрөй турган “локоробот” агрегаттарын чыгарууну жөнгө салуу каралган. Беш жылда мындай 15 агрегат чыгаруу максатталууда. Буга кошумча ишкананын 100 жүк ташуучу жана 30 жүргүнчү ташуучу вагондору жаңыртылмакчы.
“Локоробот” — вагондорду сүйрөөгө арналган агрегат. Ал адатта аралыктан башкарылат.