БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бийлик өлкөдөгү сегиз шаарга автобустар үчүн өзүнчө тилке бөлүп, коомдук траспортко артыкчылык берген "акылдуу" жол чырактарды орнотууну пландоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү программасында жазылган.
Ага ылайык, планга Бишкек, Ош, Манас, Талас, Токмок, Баткен, Нарын жана Каракол шаарлары кирет. Долбоорду 2026-2027-жылдар аралыгында ишке ашыруу каралган.
Пландын алкагында коомдук транспорт үчүн 60 чакырымдан ашык тилке түшүп, автобустардын орточо ылдамдыгы 14төн 22 чакырым/саатка жогорулайт. Муну менен жолго корогон убакыт 25 пайызга кыскарып, жүргүнчү ташуунун агымы 15 пайызга өсөт деп мерчемделүүдө.