БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстан "Евразиялык санарип көпүрө" долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки планында жазылган.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев, өткөн жылдын 30-декабрында алдыңкы жылдарга карата аткарыла турган иштердин планын бекиткен. Аталган долбоор 2028-жылдын төртүнчү кварталына чейин ишке ашырылмакчы.
"Евразиялык санарип көпүрөнүн" алкагында “Түндүк” системасында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн e-Gov платформалары менен интеграциялоо каралган. Бул Кыргызстандын жарандарына жана бизнес өкүлдөрүнө чет өлкөдө жүргөндө мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде алуу жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн берет", — деп айтылат документте.
Планда долбоор республикалык бюджеттен жана өнөктөштөрдүн инвестициясынан каржыланары көрсөтүлгөн.