БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова 2-январга караган түнү каза болгон. Октябрь райондук милициясы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Факты катталып, бардык зарыл экспертизалар дайындалды, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет", — дешти РИИБден.
Дарыгер Зибирова 29 жашта болгон.
Социалдык тармактарга маркумдун эжесинин билдирүүсү деген пост жарыяланды. Эжеси Зибирова расмий бүтүмдө асфикциядан (аба жетишпей) каза болду деп жазылганын белгилеген. Анын айтымында, ошол түнү Айгүлдүн жанында мурда сүйлөшкөн жигити болгон. Ал жигит окуя Айгүл дааратканага кирип, эшигин ичинен бекитип алгандан кийин болгонун айтып берген. Маркумдун жакындары өлүмдүн айрым жагдайлары күмөндүү болуп жатканын айтып, милициядан дыкат иликтөөнү өтүнгөн.