БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэлага жасаган чабуулунан кеминде 40 адам, анын ичинде аскер кызматкерлери жана жай тургундар каза тапты. Бул тууралуу New York Times венесуэлалык чиновникке таянуу менен жазды.
Кырдаал тууралуу соңку маалымат:
Венесуэланын Жогорку соту президенттин милдетин вице-президент Делси Родригес убактылуу аткарат деп чечти
Трамп буга чейин Делси Родригес Вашингтондун талаптарына макул болсо, АКШ Венесуэлага аскер күчүн жайгаштырбай турганын билдирген. Ал эми Делси Родригес Венесуэла эч кимдин колониясы болбой турганын, өлкө өзүнүн жаратылыш ресурстарын коргоого даяр экенин айтты
Вашингтон, Рим, Нью-Йорк, Берлин жана башка шаарларда АКШнын аракеттерине каршы нааразылык акциялары өттү
Нью-Йорк мэри АКШнын чабуулун Венесуэладагы режимди алмаштырууга багытталган аракет жана эл аралык укуктун бузулушу деп атады
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо АКШнын Венесуэладагы операциясы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган дүйнөлүк тартиптин ыдырап жатканын далилдей турганын айтты. Ал Евробиримдик бул окуяга кандай реакция кыларын байкап жатканын белгилеп, же айыптайт, же “адаттагыдай эле эки жүздүү бойдон калат” деди