БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШ Венесуэладан кийин Иран менен Данияга чабуул жасашы мүмкүн экенин. Мындай британиялык Guardian басылмасы божомолдоду.
“Венесуэладагы окуялар Трамп кескин чара көрөрүн айткан Иран жана Дания сыяктуу мамлекеттердин түн уйкусун бузат”, — деп айтылат макалада.
Басылманын айтымында, Трамптын кадамдары таасир талаш күчөгөн, пикир келишпестик аскер күчү менен чечилген башка дүйнөгө өтүүнү ылдамдатат.
“Трамп өкмөтүнө нааразы болгон ирандык митингчилерди колдоп чыгарын билдирген. Ал эми анын өкүлдөрү Гренландияга зарыл каражаттын баарын колдонуп көзөмөл орноторун айтып келишет” — деп жазат гезит.
Ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген. ЖМКлар Каракаста жарылуу болгонун жазып, операцияны Delta Force элиталык бөлүмдүн аскерлери өткөргөнүн белгилешкен.
АКШ администрациясы Мадуро сот жоопкерчилигине тартылат дегени менен бир катар конгрессмендер бул операцияны мыйзамсыз деп аташууда. Венесуэланын ТИМи Вашингтондун аракеттерине байланыштуу эл аралык уюмдарга кайрыла турганын маалымдап, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү өтүндү, ал 5-январда болот.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги Венесуэла элине тилектештигин билдирди. Москва АКШнын агрессивдүү аракеттеринин жүрүшүндө Мадуро жубайы менен өлкөдөн чыгарылып кеткенин билип абдан тынчсызданганын белгилеген. Россиянын тышкы иштер ведомствосу Мадурону жана анын жубайын кое берүүгө, Венесуэланын айланасында болгон окуялардын курчуп кетишине жол бербөөгө чакырган.