Күн сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптада өлкөдө аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 5-январдан 12-январга чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

5-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү ыктымал.
6-11-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Апта ичинде жаан-чачын болбойт. 5-январда айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңуп, тайгак болот.

Нарын, Ысык-Көл облустары

5-январда Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жуманын калган күндөрү күн ачык болот. Нарында дагы апта башынан этегине чейин жаан-чачын болбойт.
Кыргызстандыктардын 64%ы өткөн жылды "жакшы" деп баалады. Сурамжылоо