БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Дүйшөмбүдө түнкүсүн республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас, Чүй облустарында 4…9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 5…10 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 7…9, Ош шаарында 8…10 градусту көрсөтөт.