Кыргызстандыктардын 64%ы өткөн жылды "жакшы" деп баалады. Сурамжылоо

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктардын 64 пайызынан ашыгы 2025-жылдын жыйынтыгын жакшы деп баалады. Бул тууралуу Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы Коомчулукту изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болгон.
Социалдык изилдөө 2025-жылдын 25-29-декабрында өткөн. Изилдөөнүн максаты 2025-жылдагы элдин социалдык маанайын жана 2026-жылга үмүтүн аныктоо болгону айтылды. Сурамжылоо онлайн-форматта өтүп, ага өлкөнүн 7 облусунда жашаган 1039 респондент катышкан.
Катышуучулардын 47,7 пайызы "2025-жыл өткөн жылга салыштырмалуу жалпысынан жакшы болду" деп жооп берген. Ал эми "абдан ийгиликтүү жыл болду" дегендер 17 пайызды түзгөн. Респонденттердин 25 пайызы "жакшы-жаманы аралаш жыл болду" деп билдирсе, болгону 7 пайызы "оор жыл" деп жооп беришкен.

Эмнелерди жетишкендик деп санашат?

Сурамжылангандардын көбү (54,7 пайызы) 2025-жылдагы негизги жетишкендик деп көп кабаттуу үй, мектеп, оорукана, бала бакча, стадиондордун курулушун эсептешкен. 23 пайызы жолдордун курулушун башкы жетишкендик деп бааласа, жаңы ишкана, заводдордун ишке кириши олуттуу ийгилик дегендер 19,2 пайызды түзгөн. Ал эми коррупция жана мүлктөрдү мыйзамсыз ыйгарып алуу менен күрөш жүргөнү үчүн ийгиликтүү жыл дегендер 16,2 пайызга жеткен. Мындан тышкары, элдин 13,2 пайызы коңшу мамлекет менен чек аранын чечилиши чоң жетишкендик болду деп белгилешкен.
Респонденттердин 88 пайызы бүгүнкү күндө өлкөдө жалпысынан алганда иш туура багытта бара жатат деп эсептейт. Буга каршы пикирин катышуучулардын 11 пайызы айткан.

2026-жылда кандай өзгөрүүлөрдү көргүсү келет?

Суроолорго жооп бергендердин 84 пайызы 2026-жыл ийгиликтүү жыл болот деп үмүттөнөрүн билдиришкен. "Бул жыл оор болот" дегендер сегиз пайызды түздү.
Катышуучуларга "Жаңы 2026-жылы мамлекеттен кандай өзгөрүүлөрдү, реформаларды көргүңүз келет?" деген суроо берилген.
Респонденттер социалдык-экономикалык багыттагы өзгөрүүлөр, эң оболу калктын кирешеси өсүп, билим берүүдө реформа болуп, туруктуу жана жакшы каражат төлөнгөн иш орундары түзүлүшүн каалаарын айтышкан. Ошондой эле акыйкаттык, мыйзамдуулук болуп, коррупция менен күрөш жүрүшү керектигин, шаардагы транспорт, экология көйгөйлөрүнүн чечилишин каалагандар көп. Арасында билим берүү жана саламаттык сактоо, калктын аяр катмарын коргоо, жарандардын эркиндигин коргоо жеткиликтүү болсун дегендер да бар.
Кыргызстанда элдин саны он айда 103,4 миң адамга өстү