Трамп: Венесуэла президенти Мадуро жубайы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Венесуэла президенти Николас Мадуро жубайы менен кармалып, өлкөдөн чыгарылды. Мындай маалыматты АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Америка башчысы анда Венесуэлага каршы масштабдуу операция ийгиликтүү өткөнүн да белгилеген.
Айта кетсек, АКШ аскердик операциянын алкагында Венесуэлага сокку урууда. Буга чейин Каракас шаарында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Reuters басылмасы шаардын түштүгүндө жайгашкан аскердик базасы жарыксыз калганын жазды. Социалдык желеге тараган видеодо Венесуэланын борбор шаарынын үстүнөн учактардын баратканы көрүнөт.
Буга байланыштуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзгөчө кырдаал режимин киргизген. BNO басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө ТИМи АКШнын агрессиясын кескин айыптаган.
АКШ Венесуэлага сокку уруп, Каракаска өзгөчө кырдаал режими кирди. Соңку маалымат