Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги Харьковго жасалган сокку боюнча маалыматты төгүндөдү

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Украин ЖМКларынын Россия Харьковго сокку урду деп жазган маалыматтары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россиянын Куралдуу күчтөрү шаар аймагында ракеталык курал же авиациялык сокку уруучу каражаттар менен чабуул жасоону пландаган эмес жана ага барган жок", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Мекемеден белгилешкендей, интернетке тараган видеодон соода түйүнүндө сакталган ок-дары жарылганы көрүнөт, буга жарылууга чейинки бир нече секундада ал жерден коюу түтүн чыгып жатканы далил.
Ошондой эле маалыматта Киев режиминин "Россиянын соккусу" деген билдирүүлөрү — дүйнө коомчулугунун көңүлүн украиналык аскерлердин Херсон облусунун Хорлы айылындагы калкка каршы жасаган терактысынан башкага буруу аракети экендиги белгиленген.

Украина Куралуу күчтөрүнүн Херсон облусуна чабуулу

1-январга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Хорлы айылындагы Жаңы жылды майрамдоо үчүн болжол менен 100гө жакын адам чогулган кафе менен мейманканага дрондор менен сокку урушкан. Каза болгон 28 адамдын экөө балдар. Соңку маалыматтар боюнча, ооруканага 31 киши түрдүү жаракаты менен жеткирилген, алардын ичинде беш бала бар.
Облус башчысы Владимир Сальдо согушкерлер атайылап эле элге өрт коюшту деп белгилеген. Алар 3 дрон менен сокку жасашкан, бир дрондо жалын чачкан аралашма болгон. Жергиликтүү антифашисттик биримдик өкүлдөрү чабуулдан мурун аймакты НАТО өлкөлөрү өндүргөн БПЛА аппаратынын жардамы менен чалгындап чыгышкан. Тергөө комитети жардыруу боюнча кылмыш ишин козгоду.
1-январь күнү түштөн кийин украин Куралдуу күчтөрү аймакка дагы бир жолу чабуул жасаган. Алешкин округунун Тарасовка аймагында жүрүп бара жаткан автоунаага дрон сокку урган. Анын кесепетинен беш жашар бала каза болгон. Ал эми апасы, чоң атасы жана чоң энеси оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Херсондогу терактыдан эки бөбөктү кошкондо 27 адам көз жумду