Кыргызстанда кылмыштардын саны 4%га азайды

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстанда кылмыштардын саны бир жылда төрт пайызга кыскарган.
Улуттук статистика комитети өткөн жылдын январынан ноябрдын аягына чейинки (32,2 миң кылмыш катталган) кылмыштар менен 2024-жылдын жогоруда көрсөтүлгөн айлар аралыгында катталган кылмыштардын көрсөткүчтөрүн салыштырган.
Анда белгиленгендей, кылмыштардын жалпы саны кыскарганы менен оор кылмыштардын саны 18,8 пайызга өсүп, өткөн жылы саны 4 966га жеткен.
Ошондой эле маалыматта кылмыштардын көбү (67 пайызы) мүлккө байланыштуу болгону кошумчаланды.
Кыргызстанда элдин саны он айда 103,4 миң адамга өстү