БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда калктын саны 103,4 миң адамга көбөйүп, 7 миллион 385 миңге жетти. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттин ай сайын жарыялаган отчетунда айтылган.
Он айдын жыйынтыгында 117,3 миң ымыркай төрөлүп, 27 миң адам каза болгон.
Аймактар арасында калктын эң чоң абсолюттук өсүшү Бишкек шаарында катталып, калк 31,7 миң адамга көбөйгөн. Экинчи орунда Ош облусу туруп, 17,3 миң адамга арбыган. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад жана Ысык-Көл турат.