Чүйдө 29 киши массалык мушташка катышкан деп милиция бөлүмүнө жеткирилди

Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ысык-Ата районунда бир нече айылдын жаштары мушташа кеткен факты боюнча иш козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, чатак 2-январда айылдагы дүкөндүн унаа токтоочу жайында эки айдоочунун орун талашып уруша кеткенинен улам чыгып, ал массалык мушташка айланган.
Ички иштер органдары окуяга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап, жалпы 29 киши Чүй облустук милициясына тергөө амалдарын жүргүзү үчүн жеткирилген. Факты боюнча "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 11 адам кармалды. Мындан тышкары, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 18 кишиге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси менен протоколдор түзүлдү.
Тергөө уланууда.
Бишкектеги түнкү клубда массалык мушташ чыгып, беш киши кармалды. Видео