БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. АКШнын Венесуэлага каршы куралдуу соккусу тынчсызданууну жаратты, бул айыптай турган иш. Мындай билдирүүнү Россиянын Тышкы иштер министрлиги таратты.
Мекеменин айтымында, АКШнын мындай аракеттерге баруу үчүн айткан шылтоолору аны актабайт.
"Идеологияга негизделген жактырбастык тынчтык жолу менен ишенимдүү мамиле куруудан үстөмдүк кылып кетти. Эми абалдын курчушуна жол бербей, жагдайдан сүйлөшүү жолу менен чыгууга умтулуу керек. Бири-бирине арыз-дооматы бар өнөктөштөрүбүз маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенди ойлонушу зарыл деп эсептейбиз. Мында биз аларды колдоого даярбыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ТИМ Латын Америкасы 2014-жылы өзүн кандай жарыялаган болсо, ошол бойдон тынчтык зонасы болуп калышы керектигин белгилеген. Ал эми Венесуэлага эч бир сырткы күчтөрсүз, аскердик кийлигишүүлөрсүз өзүнүн тагдырын өзү чечкен укугу кепилдениши керек деген пикирин кошумчалаган.
"Биз венесуэлалыктар менен тилектештигибизди, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын жана көз карандысыздыгын коргоого багытталган саясатын колдой турганыбызды тастыктайбыз. Венесуэла бийлигинин жана Латын Америка өлкөлөрүнүн жетекчилигинин БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүү боюнча билдирүүсүн да колдойбуз", — деди РФ ТИМи.
Учурда Россиянын Каракастагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат.
Айта кетсек, АКШ аскердик операциянын алкагында Венесуэлага сокку урууда. Буга чейин Каракас шаарында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Reuters басылмасы шаардын түштүгүндө жайгашкан аскердик базасы жарыксыз калганын жазды. Буга байланыштуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро өзгөчө кырдаал режимин киргизген. BNO басылмасынын маалыматы боюнча, өлкө ТИМи АКШнын агрессиясын кескин айыптаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэла жетекчиси Николас Мадуро жубайы менен кармалып өлкөдөн чыгарылганын билдирген болчу. Азырынча анын кайда кармалып турганы белгисиз.