4-январга карата аба ырайы

4-январга күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Жекшембиде түнкүсүн республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас облусунда 3…8, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 4…9, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында 6…8 градуска жетет.
Туман жолтоо болбойт. “Манас” аэропортуна заманбап жарык системасы орнотулууда