Мал базар: Токмокто жабылып, башкасы Виноградное айылында убактылуу ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Виноградное айылында убактылуу мал базар иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин дубандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ыйгарым укуктуу өкүл Азамат Осмонов курулуп жаткан айыл чарба базарын кыдырып, фермерлер менен жолуккан. Алар соода-сатыкты уюштуруу, санитардык шарттар жана ветеринардык көзөмөл маселелерин талкууга алышкан.
Белгилей кетсек, Токмоктогу чоң жолдун боюндагы жеке мал базар санитардык жана ветеринардык талаптарга туура келбегендиктен жабылган.
Жаңы жай Виноградное айылында сынамык түрдө ачылат. Үч ай бою базардын ишин көзөмөлгө алып, байкоо жүргүзүшөт. Андан кийин жыйынтыгына карап, соода жай туруктуу иштейби же жокпу карап көрүшөт.
Республика боюнча фермерлерди тейлөө борборлору ачылат