БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. РФ президентинин Новгород облусундагы резиденциясына чабуул жасаган пилотсуз учуучу аппараттардан алынган маалыматтар АКШга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Россиянын Коргонуу министрлиги билдиргенин РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, атайын кызматтардын адистери навигациялык башкаргычтардын эс тутумундагы маалыматтарды толук чечмелеп чыгышкан.
"Анда чабуулдун так максаты президенттин резиденциясындагы имараттарды кыйратуу болгону такталды. Материалдарды Москвадагы АКШ элчилигинин аскердик атташе аппаратынын өкүлүнө өткөрүп бердик. Бул кадам бардык суроолорду жоюп, чындыкты аныктоого өбөлгө түзөт деп эсептейбиз", — деп белгилеген РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Игорь Костюков.
Эске салсак, Киев режими 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына каршы террордук чабуул жасап, 91 пилотсуз аппаратты колдонгон. Абадан коргонуу күчтөрү алардын бардыгын жок кылган.