Өкмөт: Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлеринин айлыгы бир ай ичинде төлөнөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. "Майлуу-Суу лампа заводу" ачык акционердик коомунун кызматкерлеринин айлыгы январдын аягына чейин толук төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бүгүн, 2-январда, Жалал-Абадда заводдун жумушчулары менен жолукканда айтты.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолукту

2 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлери менен жолугуп, айлыктары январдын аягына чейин толук төлөнөрүн айтты

Ал заводдун ишин жандандыруу үчүн атайын жумушчу топ түзүлөрүн, өндүрүштүн кирешесин арттыруу, иш багыттарды көбөйтүү боюнча талдоо жүргүзүлөрүн кошумчалады. Учурда лампаларды (LED эмес, кадимки түрү) жасоо токтотуларын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин заводдун 550 кызматкери маянасы сакталбаган шартта убактылуу эмгек өргүүгө чыгары маалым болгон. Өргүү заводго инвестор табылып, өндүрүш иши толук жанданганга чейин созуларын билдиришкен. Мындан тышкары, өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалагандарга мыйзам чегинде тиешелүү кенемте төлөнөрү айтылган.
Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат