Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы көбөйдү. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 10 айында чет жакта жүргөн мигранттар Кыргызстанга 2 миллиард 958,8 миллион доллар которушкан. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылды.
Көрсөткүч былтыркы жылдын он айына салыштармалуу 436 миллион долларга көп болгон. Тагыраагы, 2024-жылдын январь-октябрында өлкөгө 2 миллиард 522,2 миллион доллар кирген болчу.
Акчанын 90 пайыздан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет.
ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эреже менен каттоо эки жылга узартылды