Кыргызстанда доллардын курсу бир жыл ичинде кандай өзгөрдү. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Улуттук банктын сайтына чыккан маалыматка таянсак, доллардын расмий курсу бир жыл ичинде 50 тыйынга жогорулаган.
Былтыр 2-январда доллар 86,9 сомду түзсө, быйыл 2-январга карата 87,4 сом болду.
Алмашуу жайларындагы курс:
2025-жылдын 1-январы: сатып алуу — 86,85 сом, сатуу — 87,35 сом;
2026-жылдын 1-январы: сатып алуу — 87,3 сом, сатуу — 87,8 сом.
Доллардын эң төмөн курсу 2025-жылдын 19-мартында катталган: сатып алуу — 85,5 сом, сатуу — 85,9 сом.
АКШ валютасынын эң жогорку баасы 2025-жылдын майында белгиленген: сатып алуу — 87,45 сом, сатуу — 87,85 сом.
Банктардагы курс:
2025-жылдын 1-январы: сатып алуу — 87 сом, сатуу — 87,4 сом;
2026-жылдын 2-январы: сатып алуу — 87,4 сом, сатуу — 87,7 сом.
Кыргызстан 50 миллиард тышкы карызын алты валюта менен төлөйт