Муфтият: диний окутуу бир стандартта болуп, окуу жайлар борборлоштурулат

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Өлкөдө диний билим берүү системасын реформа кылуу каралып жатканын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришити.
Маалыматка караганда, диний билим берүү мекемелерин бирдиктүү стандартка өткөрүп, окуу жайларды борборлоштуруу пландалууда.
"Ага ылайык, ар бир облуста жогорку диний окуу жайы ачылат. Ал өз аймагындагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кылат. Ошондой эле ар бир райондо орто диний окуу жайы түзүлүп, ал район ичиндеги медреселерге окуу-методикалык жактан жардам көрсөтөт", — деп айтылган маалыматта.
Аталган реформа президент Садыр Жапаровдун жакында болгон Элдик курултайда койгон тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашып жатканы белгиленген.
18 жашка чыга электердин чет өлкөдөн диний билим алышын чектөө сунушталды