Чүй: велосипедчен өспүрүм автоунаа коюп кетип каза тапты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кантка жакын жерде, Бишкек — Торугарт жолунда велосипедчен өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Кырсык 1-январга караган түндө болгон. Тартип сакчылардын маалыматына таянсак, 15 жаштагы өспүрүм досторуна жолугуу үчүн Дмитриевка айлынан Кантты көздөй велосипед менен жолго чыккан. Ошол учурда артынан келаткан SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен. Милиция айдоочу алдындагы автокөлүктөрдөн ашып өтөм деп үчүнчү тилкеге чыкканын айтты.
Өспүрүм ошол жерде каза болуп, из сууткан 31 жаштагы айдоочу кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголуп, тергөө уланууда.
ИИМ: жаңы жылдын алгачкы түнү тынч өттү