Узакка созулган бул эс алуу күндөрү меджайлар кандай иштейт

Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы, ооруканалардагы дарыгерлер кезектешип ишке чыгат.
1-9-январда меджайлар кадимки тартипте эле иштейт, тагыраагы, ал жерде дарыгерлер кезметте болот. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда врач, медайым жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери саат сегизден тарта алтыга чейин кабыл алат. Ал эми эмдөө кабинеттери саат 14:00гө чейин иштейт.
Эске салсак, Жаңы жыл майрамынан улам Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алат.
Кыргызстандыктар жаңы жылда жана май айында эс алчу күндөр