Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Ош-сити” долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Ведомстводон маалымдашкандай, министр курулуш иштерин сапаттуу жана ар бир этабын берилген мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү керек экендигин белгиледи. Бүгүнкү күндө объектинин бардык 3 баскычында курулуш иштери кызуу журуп, биринчи баскычынын 22 блогун 2026-жылдын жай айында пайдаланууга берүү пландалууда. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров IT-шаарчасынын курулушун расмий түрдө баштап, мезгил кутусун салган. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 000ден (он миңден) ашуун батири менен ири турак-жай комплекси курулуп жатат. Шаарчада балдар үчүн сапаттуу жана заманбап билим берүүчү мектептер, бала бакчалар, көп тармактуу медициналык мекеме жана диагностикалык борборлор курулат.
1-январдан баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болорун мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, жол 10-январга чейин жабык болот Анткени жер астына өтмөктөр салынат. Баш-аягы төрт жерге өтмөк салуу пландалууда. Ошондой эле 16 аялдама курулмакчы. "Иштер майрамдык эс алуу күндөрүндө башталды. Бул шаардыктарга келтирилген ыңгайсыздыктарды азайтуу максатын көздөйт", — деп айтылган маалыматта. Белгилей кетсек, буга чейин аталган көчөдө бир жер асты өтмөк курулуп бүткөн. Ошондо жалпы беш өтмөк болот.
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы, ооруканалардагы дарыгерлер кезектешип ишке чыгат. 1-9-январда меджайлар кадимки тартипте эле иштейт, тагыраагы, ал жерде дарыгерлер кезметте болот. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда врач, медайым жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери саат сегизден тарта алтыга чейин кабыл алат. Ал эми эмдөө кабинеттери саат 14:00гө чейин иштейт. Эске салсак, Жаңы жыл майрамынан улам Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алат.
Херсон облусунун Хорлы айылындагы кафе менен мейманканага украин куралдуу күчтөрү урган соккунун кесепетинен каза болгондордун саны 27 кишиге жетти. Бул тууралуу Россиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди. Маалыматка караганда, каза болгондордун ичинен экөө жаш бала экени аныкталган. Андан тышкары, ар кандай жаракат алган 31 адам ооруканага жеткирилген, алардын ичинен бешөө — балдар. Эске салсак, 1-январга караган түнү Украина армиясы Херсон облусундагы кафе жана мейманканаларга дрон менен сокку урган. Губернатор Владимир Сальдонун айтымында, Киев бийлиги кишилерди атайылап өрттөгөн, анткени алардын ичинен бир дрондо жалын чачкан аралашма болгон. Чабуул үчүн НАТО өлкөлөрүндө өндүрүлгөн чалгындоочу пилотсуз учуучу аппараттар колдонулганы айтылды. Аймак башчысы болгон окуяга Британиянын атайын кызматтарынын катышы болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарган жок. Россиянын тергөө комитети бул факт боюнча "Теракт" бер