Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кантка жакын жерде, Бишкек — Торугарт жолунда велосипедчен өспүрүмдү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй милициясынын маалымат кызматы кабарлады.Кырсык 1-январга караган түндө болгон. Тартип сакчылардын маалыматына таянсак, 15 жаштагы өспүрүм досторуна жолугуу үчүн Дмитриевка айлынан Кантты көздөй велосипед менен жолго чыккан. Ошол учурда артынан келаткан SHACMAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен. Милиция айдоочу алдындагы автокөлүктөрдөн ашып өтөм деп үчүнчү тилкеге чыкканын айтты. Өспүрүм ошол жерде каза болуп, из сууткан 31 жаштагы айдоочу кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголуп, тергөө уланууда.
2-январь саат 11:00гө карата республиканын негизги ашууларында жол кыймылына эч кандай чектөө жок. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Каркол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн ачык, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн ачык, каттам бар. Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштер күн сайын жүргүзүлүүдө. "Кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Изилдөөчү экономист Улукман Мамытов Евразия экономикалык биримдигинин эркин соода зоналары аркылуу экономикасы күчтүү өлкөлөр менен алака курушу уюмдун келечегинен кабар берерин айтты. ЕАЭБ 10 жыл ичинде бир топ мамлекеттер менен эркин соода зонасын түзө алды. Алгачкылардан болуп Вьетнам кирди. Азыр Кытай, Иран, Индия, Араб өлкөлөрү сыяктуу экономикасы ылдам өсүп жаткан мамлекеттер менен алакасы бар. Аз гана жылдык тарыхы бар, беш мамлекеттен турган чакан уюм үчүн бул ири жетишкендикАнын айтымында, аталган мүмкүнчүлүктөрдөн Кыргызстан да пайдаланып калуусу зарыл. "ЕАЭБдин соода мамилесин карасак, көп бөлүгү импорттон турат экен. Кеп миллиарддаган рубль тууралуу болууда. Уюм ресурска бай, ошол үчүн да ири мамлекеттер кызыгып, курамына кирбесе да эркин соода зоналары аркылуу алаканы арттырууда", — деди Мамытов. Ал уюмдун эркин соода зонасы аркылуу башка мамлекеттерге ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдү текке кетирбей, учурунда анализ жүргүзүп туруу да маанилүү экенин кошумчалады.
"Учкун" ачык акционердик коомунун өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев ишканада китептер менчик басмаканаларга караганда 2-3 эсе арзан даярдаларын айтты. Быйыл "Учкун" мамлекеттик басмаканасында өткөн жылдардагыдан 4,5 эсе көп окуу китеби басылдыАнын айтымында, мындай жагдай басмакананын өндүрүш мүмкүнчүлүгүнүн күчтөнгөнүнө жана 12 жылдык окуу системасы кирип жатканы менен байланыштуу. "Бизде быйыл 11 айда 3 миллион 516 миң нуска окуу китеби басылды. Жыл аягына чейин дагы 606 миң 761 китеп даярдалат. Ошондо жалпы 4 миллион 122 миңди түзөт. Салыштыра келсек, 2023-жылы 738 миң, 2024-жылы 801 миң окуу китеби басылган. Өткөн жылдарга салыштырмалуу 4,5 эсе көп басылууда.", — деди Бейшеев. Ошондой эле ал басмакана китептерди эл аралык стандартта даярдай турганын кошумчалады.**