Уникалдуу Алыкул Осмоновду балдарга жеткире албай жатканыбыздын себеби эмнеде?

Sputnik
2025-жылы дүйнөгө белгилүү классик акын, өзгөчө таланттын жана тагдырдын ээси - Алыкул Осмонов 110 жашка толду.Ушуну менен катар Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды – Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялады.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана акындын туулган күнүнүн 110 жылдыгын утурлай, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги, Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Алыкул таануу илимий борбору, Панфилов районундагы Алыкул Осмонов атындагы мемориалдык комплекси менен биргелешип, жыл бою өтө турган маанилүү иш чараларды мерчемдеди. Бүгүнкү маекте Алыкул Осмоновдун казылып бүтпөгөн кенч сымал чыгармачылыгын талкуулап, изилденген жана изилдене турган, изилденбей жаткан өңүрүн талкууладык. Акындын уникалдуулугу эмнеде? Маекте акындын татаал тагдыры менен табигый таланты кыргыз адабиятын дүйнөлүк деңгээлге көтөргөнү айтылды.