Айтматов атындагы орус драма театрынын 2025-жылдагы ийгиликтери жана жаңы спектаклдер

Sputnik
2025-жыл да Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театры үчүн жемиштүү жылдардан болду. Себеби чет мамлекеттерге гастролдор, жаңы репертуарлар жана заманбап имарат. Узаган жылы орус драма театры көп жылдардан кийин кайрадан оңдоп-түзөөдөн өтүп, көрүүчүлөргө сонун атмосфера тартуулап отурат. Театрдын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Иманбекова алдыдагы пландар жана коллективдин чыгармачылык жетишкендиктери тууралуу маектин жүрүшүндө кенен айтып берди. Акыркы жылдары улуу жазуучу Айтматовдун чыгармаларына көп басым жасалып, мыкты спектаклдер жаралып жатканы маалым.