БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) жайгашкан "Бек-Абад" чек ара көзөмөл-өткөрүү жайын айттырбай барып текшерди.
Ал кызматкерлердин кезметте турган санын тактап жатып, чек ара көзөмөл-өткөрүү жайынын начальнигинин ичип алганынан шектенип, кайра-кайра сураган.
"Сен эмне, ичип алгансыңбы? Үйлөчү!" — деген төрага.
Командир ичпегендигин жана калп сүйлөгөндү жактырбай турганын айткан.
Ташиев ал жердеги Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынан ары-бери өткөрүү тартиптеринен тарта тазалык, чек арачылардын жашоо шартына чейин текшерген.
Чек арада нөөмөттө турган аскер кызматкерлери менен жолугуп, алардын кызмат өтөө шарттары жана чек араны коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышкан.
Кемчиликтерди көрүп, аларды жоюу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берген. Андан сырткары, кезметте турган жооптуу кызматкерлерге ары-бери өткөндөрдөн акча албоону катуу эскерткен.