БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда дарыгерлерге автоунаа тапшырып, 1-январдан тартып коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн айтты. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.
Ал апасы Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборунун кызматкерлерине 35 автокөлүк тапшырган.
Ташиев иш-чарада сүйлөп жатып, апрелден тарта медицина кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көтөрүлөрүн айткан. Ошондой эле 1-январдан баштап коррупция менен күрөш күчөтүлгөндүктөн дарыгерлерди мыйзамсыз акча талап кылбоого, кесиптик этиканы сактап, элге ак ниет кызмат кылууга чакырган.
Белгилей кетсек, жаңы жылдын биринчи күнү аталган борбордо 20 ымыркай төрөлгөн. Жыл алмашкан, так саат 00:00дө ушул төрөт үйүндө иштеген акушер айым көз жарган.