Нью-Йорктун жаңы мэри Куран кармап ант берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Нью-Йорктун жаңы мэри Зохран Мамдани Куран кармап ант берип, мындай кызматка келген биринчи мусулман шаар башчы болгонун РИА Новости жазды.
Ант жабык жана ачык түрдө берилет. Биринчиси жаңы жыл кирип келери менен кароосуз калган метростанцияда өткөрүлгөн, ал эми экинчиси кийинчерээк мэриянын имаратында болмокчу.
Мамдани Куран кармап ант берген биринчи мэр болуп калды, кадрлар ЖМКнын түз эфирлеринен көрсөтүлгөн.
34 жаштагы жигит төрт жылга кызматка дайындалды. Мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы бир жолу мэрликке ат салыша алат. Бирок ал АКШнын президенттигине талапкерлигин кое албайт, анткени Угандада туулган.
Мамдани азык-түлүктү арзан саткан дүкөндөрдү ачууну, шаардын айрым аймактарында батирдин ижара акысын бир калыпта кармоону жана автобуста элдин бекер жүрүшүн көздөйт.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Мамданини коммунист деп сындаган. Бирок кийин экөө Ак үйдө жакшы пикирге келип, Трамп жаңы мэр кызматта кезинде Нью-Йоркто жашагысы келерин билдирген. Калаада АКШ лидеринин бир катар кыймылсыз мүлк объектилери бар экени айтылат.
Трамп Венесуэладан АКШнын мунайга болгон укуктарын кайтарып берүүнү талап кылды