Сүйүнчү! Кыргызстанда жаңы жылга караган бир суткада 367 бөбөк төрөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жыл тогошкон акыркы бир сутка ичинде өлкөдө 367 бөбөк төрөлгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Сандар менен берсек төмөнкүдөй:
республика боюнча 365 эне көз жарган;
алардын ичинен төрт келин эгиз төрөгөн;
жалпысынан Кыргызстан бир суткада 177 уулдуу, 190 кыздуу болду;
жыл жаңырары менен Ысык-Атадагы төрөт үйүндө салмагы 3 кг 915 грамм кыз бала жарык дүйнөгө келген;
эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталды, тагыраагы, 81 болду;
Ош шаарында жана Ош облусунда — 68, Бишкек шаарында 69 эне төрөдү.
Өкмөт тубаса ооруларды алдын алуу үчүн кош бойлуулар үчүн программа киргизет