Кыргызстан 50 миллиард тышкы карызын алты валюта менен төлөйт

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстан быйыл тышкы карызын алты валюта менен төлөй турганын, буга 50 миллиард 150,2 миллион сом каралганын Финансы министрлиги билдирди.
Анын бештен бир бөлүгү үстөк пайыздарды төлөөгө сарптала турганы маалымдалды.
Карыз төмөнкүдөй үлүштө төлөнөт:
доллар — 74,4 пайыз;
атайын карыз алуу укугу (Дүйнөлүк валюта фондунун төлөм каражаты) — 18,9 пайыз;
евро — 3,9 пайыз;
йена — 2,4 пайыз;
юань — 0,3 пайыз;
Түштүк Кореянын вону — 0,1 пайыз.
Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев өлкөнүн карызы 8,7 миллиард долларды түзөрүн, анын 5,2 миллиард доллары тышкы, калганы ички карыз экенин айткан. Мыйзам боюнча, карыздын ИДПга карата чеги 70 пайыз болсо, учурда 42 пайыз экенин билдирип, 2024-жылы тышкы карыз 37 пайызга чейин төмөндөгөнүн белгилеген.
Жапаров: өлкө 2035-жылга чейин тышкы карызынан толук кутулуп бүтөт