БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы жылдын алгачкы түнү тынч өтүп, олуттуу окуялар катталбаганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 12 миңден ашык милиция кызматкери тартылган.
"Жаңы жылдын алгачкы түнү тынч өттү, республиканын аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталган жок", — деп билдиришти.
Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн күнү ички иштер органдарынын кызматкерлерине бир катар тапшырмалар коюлган.
"Өздүк курамдын күчү коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө ыкчам жооп берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү тапшырмаларды аткарууга багытталды", — дешти ИИМден.
Эске салсак, 29-декабрдан тарта өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн.