БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Борбор калаанын түштүк тарабында "Санжыра" деп аталган сквер ачылды. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.
Эки гектар жерде балдар үчүн оюн аянтчалары, кичи футбол талаасы, ошондой эле сейилдөөчү жайлар каралган.
Шаардын башчысы Айбек Жунушалиев жазында бул сквердин аймагына кошумча көчөттөрдү отургузуу пландалып жатканын айтты.