Каналга агып кеткен үчүнчү "тазалыкчынын" сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинин техникалык каналына агып кеткен үчүнчү "тазалыкчынын" сөөгү табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сөөктү бүгүн, 1-январда, болжол менен саат 12:30да таап чыгышкан. Издөө иштерине жалпысынан 150 адам чыккан.
Кырсык 30-декабрь күнү эртең менен Аламүдүн-1 кичи районунда болгон. Кызматкерлердин бири сууга тайгаланып кетип, аны куткарабыз деген эки "тазалыкчы" дагы чөгүп кеткен.
Бирөөнүн сөөгү ошол күнү, экинчисиники 31-декабрда табылган.
Бишкекте унаа коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери каза болду. Видео