БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Бүгүндөн, 1-январдан баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болорун мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол 10-январга чейин жабык болот Анткени жер астына өтмөктөр салынат. Баш-аягы төрт жерге өтмөк салуу пландалууда. Ошондой эле 16 аялдама курулмакчы.
"Иштер майрамдык эс алуу күндөрүндө башталды. Бул шаардыктарга келтирилген ыңгайсыздыктарды азайтуу максатын көздөйт", — деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган көчөдө бир жер асты өтмөк курулуп бүткөн. Ошондо жалпы беш өтмөк болот.