БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийди РФ лидери Владимир Путиндин резиденциясына кол салууга ким шыкактаганы тууралуу италиялык L"AntiDiplomatico басылмасы макала даярдаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда Россия президентинин резиденциясына дрондор менен жасалган чабуулдун артында бир гана Киев турбаганы айтылган.
"Бул чабуулдун артында Зеленский жалгыз эмес экени айдан ачык. Жок дегенде Британиядагы анын негизги колдоочусунун шыкагы бар. Болбосо Зеленский мындай кадамга барууга батынмак эмес", — деп жазган басылма.
Эске салсак, Киев режими 29-декабрга караган түнү Новгород облусундагы Путиндин резиденциясына каршы террордук чабуул жасап, 91 учкучсуз аппаратты колдонгон. Абадан коргонуу күчтөрү анын бардыгын жок кылган. Кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөгү позициясын кайра карап чыгарын билдирген.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков белгилегендей, мындай чагымдар Киев тарабынан АКШ лидери Дональд Трамптын аракеттерин алсыратууга багытталган. Бирок бул Россия менен АКШнын ортосундагы диалогго таасир этпей турганын белгилеген. Кремль өкүлү аскерлер Украина тараптан жасалган чабуулга кантип качан жана эмне менен жооп берүүнү жакшы билишерин кошумчалаган.
Ал эми АКШ лидери чабуул тууралуу укканда "абдан ачууланганын" билдирген.