Захарова Россиянын 2025-жылдагы эң чоң жеңишин атады

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россия дүйнөгө Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тарыхый эс тутумду кайтарды. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал муну 2025-жылдын глобалдуу жыйынтыгы катары баалаган.
"Биз дүйнөгө Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу эс тутумду кайтардык. Биз аны Европада болуп өткөндөй, кандайдыр бир күмөндүү гибриддик иш-чараларга аралаштырып жоготуп жиберген жокпуз. Эгер нацизм менен фашизм ал жакка сиңип кетсе, Европанын өзү да болбой калмак", — деген ал Sputnik радиосунун эфиринде.
ТИМдин расмий өкүлү белгилегендей, Россия менен бирге Жеңиштин юбилейин дүйнөлүк көпчүлүккө кирген мамлекеттер да белгилешти. Алар бул датаны тагдыр чечкен, маанилүү күн катары эсептешет. Ошол эле учурда Россияда жеңишти "өзүбүздүкү" деп менчиктеген же өз-жатка бөлгөн саясат жок экенин белгилеген.
Путин совет элине каршы жасалган геноциддин курмандыктарын эскерчү күндү бекитти