Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
РФ лидери өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле жогорку деңгээлде турарын белгилеген.
"Биз, албетте, саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташтыкты активдүү түрдө мындан ары да кеңейтебиз. КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында аракеттерибизди координациялайбыз", — деген ал.
Өлкө башчыга жана элге жаңы жылда чың ден соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.
Жапаров Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди