Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШда Украина чагымчыл аракеттерин күчөтөрү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Жаңырган жылы украин аскер күчтөрү согуш талаасындагы абалдан улам согуштун ыплас ыкмаларын көбүрөөк колдоно баштайт. Мындай эскертүүнү америкалык аналитик Марк Слебода YouTube каналынан бергенин РИА Новости жазды.
"2026-жылы кайсы бир учура экономикалык себептерден улам Киев режими кыйроого учурайт. Саясий кыйроого тушугат. Кандай болгон күндө да кайра-кайра жаза баса берип, жоготууга учурап, саясий жана экономикалык кырдаалдын курчушунан улам украиналыктар согуштун ыплас ыкмаларына өтө баштайт", — деди эксперт.
Ошол эле учурда Слебода украин аскер күчтөрүнүн "ыплас согуш" жүргүзгөнүнө көп болгонун айтып, кийинки жылы күчөй турганын белгилеген.
"Албетте, бул Россияны токтотуп кое албайт, бирок ар бир жасалган кадамга мурдагыдан катаал жооп берүүгө мажбурлайт", — деди аналитик.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку күнү россиялык аскерлер Харьковдогу Богуславка жана Запорожьедеги Лукьяновское калктуу конуштарын бошотуп алышты.
Жапаров Путиндин резиденциясына жасалган чабуулга тынчсыздануусун билдирди