Каналга түшүп кеткен "тазалыкчыларды" издөөгө 150 адам чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 31-Дек. — Sputnik. Бишкектин Свердлов районундагы ЖЭБдин техникалык каналына түшүп кеткен "Тазалыктын" эки кызматкерин издөө күчөтүлүп, бүгүн 150 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта 90 куткаруучудан тышкары ИИМ менен мэриядан 30дан кызматкер издөө иштерине тартылганы айтылат. Аны өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов координациялоодо.
Эскерте кетсек, кырсык 30-декабрь күнү болгон. Аталган каналга "Тазалык" мекемесинин үч кызматкери түшүп кетип, биринин сөөгү табылган.
Бишкекте унаа коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери каза болду. Видео