Сууга түшүп кеткен дагы бир "тазалыкчынын" сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. ЖЭБдин техникалык каналына түшүп кеткен дагы бир "тазалыкчынын" сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ырастады.
Маалыматка караганда, ал 62 жаштагы киши болгон. Куткаруучулар учурда үчүнчү кишини издеп жатышат.
Министрлик издөө күчөтүлүп, бүгүн ага 150 адам чыкканын билдирген.
Эске салсак, кырсык 30-декабрь күнү болгон. Бишкектин Свердлов районундагы ЖЭБдин техникалык каналына "Тазалык" мекемесинин үч кызматкери түшүп кетип, кечээ биринин сөөгү табылган.
Бишкекте унаа коюп кеткен "Тазалыктын" кызматкери каза болду. Видео