БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Москва Борбор Азия мамлекеттеринин экстремизм жана террорчулукка каршы Россия менен чогуу катаал чараларды көрүүгө даярдыгын колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Чет элдиктердин, анын ичинде мигранттардын радикалдык структураларга кошулуусуна жол бербөө боюнча маселелер тиешелүү мекемелер тарабынан дайым талкууланып келет", — деди дипломат.
Борбор Азия мамлекеттеринин дипмиссиялары Россия ТИМинин өлкөнүн субъектилериндеги өкүлчүлүктөрү, түзөтүү мекемелери, ички иштер органдары, жарандары билим алган окуу жайлары жана Россияда жашаган мекендештери менен тыкыр иш алып барып жатканы белгиленген.
"Борбор Азия мамлекеттеринин биз менен чогуу экстремизм жана террорчулукка каршы катаал чараларды көрүп, уюштурулуп жаткан акцияларга катышууга, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын колдойбуз", — деди Галузин.