Медицина кызматкерлерине 5 миң ипотекалык батир кезексиз берилет

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Медицина кызматкерлерине 5 миң ипотекалык батир кезексиз берилерин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов билдирди.
Ал 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин эмгек акысы 100%га жогорулатыларын эске салды.
Саламаттык сактоо министри бул чаралар медицина кызматкерлеринин социалдык корголушун бекемдөөгө, кадрларды кетирбей кармоого жана медициналык кесиптин аброюн көтөрүүгө багытталганын белгилеген.
Минкаб апрелден тарта айлык көтөрүлө турган тармактарды тизмектеди