ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эреже менен каттоо эки жылга узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. ЕАЭБде медициналык буюмдарды улуттук эрежелер менен каттоо 2028-жылга чейин узартылганын Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.
Документке ылайык, медициналык буюмдарды экспертизадан өткөрүү жана каттоо боюнча арыздарды 2027-жылдын 31-декабрына чейин берүүгө болот. Мурда бул мөөнөт 2025-жылдын аягына чейин деп белгиленип, 2026-жылдын 1-январынан тарта каттоо биримдиктин жалпы эрежелери боюнча гана жүргүзүлмөк.
Өткөөл мезгилдин узартылышы ЕАЭБ өлкөлөрүнө медициналык буюмдарды бирдиктүү каттоо тутумуна этап-этабы менен өтүүгө шарт түзөрү белгиленди.
ЕЭК Кыргызстан катышкан кооперациялык долбоорго субсидия берүүнү жактырды