Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Майлуу-Суу лампа заводунун 550 кызматкери убактылуу өргүүгө чыгат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, инвестор табылып, иш жанданганга чейин жумушчулар эмгек акысы сакталбаган шартта өргүүгө жөнөтүлүүдө. Ишканада үч айдан бери маяна бериле элек болчу. Учурда аны төлөө боюнча өкмөттүн тескемеси даярдалып жатат.
"Заводго инвестор тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатат. Маселе облустук бийликтин көзөмөлүндө жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте чечүү боюнча иштер улантылат", — деп айтылган маалыматта.
Мындан тышкары, өз каалоосу менен жумуштан кетүүнү каалаган кызматкерлерге мыйзамга ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрү белгиленди.
Кыргызстанда гипсокартон чыгарган ири завод ачылды. Сүрөт