БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Киев режиминин Россия президенти Владимир Путиндин резиденциясына жасаган чабуулунан кийин АКШ лидери Дональд Трамп Москванын жооп берүүсүнө тоскоолдук кылбайт. Бул тууралуу Норвегиянын Steigan басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Киев режими, өзгөчө анын нацисттик бригадалары тынчтык сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн мындай кадамдарга бара алат, андан күмөнүбүз жок. Бирок Москва да жооп иретинде катуу сокку урууга даярданып жатса керек, Дональд Трамп да буга тоскоол болбойт сыяктуу", — деп айтылат макалада.
Буга чейин РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Киев режими 29-декабрга караган түнү Россия президентинин Новгороддогу резиденциясына 91 дрон менен террордук чабуул жасоого аракет кылганын билдирген. Аппараттын баары атып түшүрүлгөн, жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.
Лавровдун айтымында, Киевдин террордук чабуулу Россия менен АКШнын сүйлөшүүсүн үзгүлтүккө учурата албайт. Анткен менен Москванын Украина боюнча позициясы кайра каралып чыгат.
Ошол эле күнү АКШ президенти Дональд Трамп Киевдин чагымына аябай ачууланганын билдирген.