Чүйдүн Байтик айылындагы 10 гектар жерге IT-шаарча курулат

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Чүйдүн Байтик айылындагы 10 гектар жерге IT-шаарчанын курулушун баштоо пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин 2030-жылга чейинки иш-чаралар планында айтылган.
Документке ылайык, эмдиги жылы Digital Kyrgyz Hub долбоорунун башкы планы бекитилип, техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоордук документтери даярдалат.
IT-шаарчада резиденттер үчүн кеңселер, акселераторлор, ЖИ жана киберкоопсуздук борборлору, билим берүү кластерлери, турак жай жана социалдык объектилер, ошондой эле Tier III+/IV деңгээлиндеги дата-борборлор кирет.
Долбоор ишке ашса кеминде 5 миң жумуш орду түзүлүп, 200гө жакын IT-компания жана стартап резидент катары иш алып барары күтүлүүдө.
Пресс-борбор
Саманов: 2026-жылы IT тармагындагы долбоорлорго арбын көңүл бурабыз